Обложка трека Баян — 7Gen, Bakr, FREEMAN 996
3:44

7Gen, Bakr, FREEMAN 996 Баян

Сингл · 2026

Скачать

Текст песни

Кээде туруп-туруп свет өчкөндөй,
Караңгыда жүргөндөй кезим.
Чалынып, баткакка малынып
Жүрөгүмдө жүдөгөндөй сезим!
Тергендей темир тезек,
Кемчилигимди кемитпесем
Болбой баратат келип кезек,
Өмүрүм негедир тынбай безет!
Аябайт мени аяганда эмне?
Мен эң жөнөкөй пенде
Даяр болуш керек кеткенге!
Баян айтып берем баянымда эмне?!
Жөн гана көз ирмемдер мен сенден кичүү кезимде!
Бир кезде жаш баладай!
Баратам тезден окуучу жайга!
Үлгүлүү көк көз окуучудай
Билим алып өз атын токучудай!
Көздөгөнүм тоонун чокусундай,
Жолумда болгон сыноого сынбай!
Сүйсөм да сүйгөнмүн окутулбай,
Бирок жактырган жерим бир топ учурдай!
Жыйырма биримде үйлөнгүм келип,
Бактылуу болсо деп үйдө бир келин!
“Буюрбай калды, болду, мейли” - дедим.
Акылым быша элек, катый элек белим!
Өзүм да жаш эле, башымда маселе
Үй-жайым жок, балким жоктугу ырас эле.
Ким билет? Мен билем! “о нифига себе!”
Жактырган жумуштан табамын жакшы эле деген ойлорум менен келатамын!
Мен кыйратамын девей эле жатамын!
Кээбир нерселерди терең катамын,
Унутпагандай кетирген катаны!
Кенен ойлорум менен келатамын.
Мен кыйратамын девей эле жатамын!
Кээбир нерселерди терең катамын,
Унутпагандай кетирген катаны!
Аябайт мени, аяганда эмне?!
Мен эң жөнөкөй пенде,
Даяр болуш керек кеткенге!
Баян айтып берем, баянымда эмне?
Жөн гана көз ирмемдер мен сенден кичүү кезимде!
Төрөлүп, өсүп жылуу үй-бүлөөдө,
Тарбиялангам сыйлуу мамилеге!
Ачыла бербеймин ар бир чөйрөгө
Жардамга зар болсом жакындар келет!
Бул кадимкидей кыргыз баланын жолу.
Талант уулу бойдон каламын толук!
Алтындай мекендин жараны болуп
Саламын там, апам салгандай жолук!
17 жаш, жапжашыл баш!
Ырларым аз бирок алмашылбас!
Бир туруп тас, жүрөктө жаз.
Калемим даяр, астында кагаз!
Төгөмүн, жазамын, түгөнөт барагым,
Чөгөмүн, агамын, ыр-дарыяларым!
Көлөмүн карагың, өнөрүн баалагың!
Жаштар угат күбө карыяларың!
Аябайт мени, аяганда эмне?!
Мен эң жөнөкөй пенде,
Даяр болуш керек кеткенге!
Баян айтып берем, баянымда эмне?
Жөн гана көз ирмемдер мен сенден кичүү кезимде!
Бир жолу айламды таппай алыста,
Биринин башына бирин кийгизип.
Иштерим окшошпой малынгам карызга,
Чет элде откоруп жашоо тиричилик.
Жумуштан жулуна, максатка умтулуга
Жалгыз бир Жаратканга тиленип,
Элдерден кутулуп мекенге кетсем дейм
Зарыгып, эринди тиштегиленип.
Тоолор көзүмөн учуп, сагыныч күчөп,
Томсоруп, чарчадым бир бөлөкчө.
Башкысы аман соо дене мүчөм,
Жүрөмүн бир кесип жети өлчөп!
Акчаны тапканга үлгүргүчө,
Өтүптүр жылдар да карматпай зымырап.
Бүтпөйт дейт дүнүйөң өлмөйүнчө!
Бир жагын жамасан, башкасы ыбырап.
Аябайт мени, аяганда эмне?!
Мен эң жөнөкөй пенде,
Даяр болуш керек кеткенге!
Баян айтып берем, баянымда эмне?
Жөн гана көз ирмемдер мен сенден кичүү кезимде!

0:00 0:00