Текст песни
Өзүңдөн башка окшобой
Өзгөлөр мага жат болуп
Өрттөнүп айла таба албай
Өкүндүм сенсиз кала албай
Өзүң деп жаным өзүң деп
Сүйүүмдү сенден күтөмүн
Өзүңсүз бул жашоонун мен
Азабын тартып жүдөдүм
Үмүтүм сенден үзө албай
Үлбүрөп түндө уктабайм
Үч күндүк ушул өмүрдө
Жашасак деймин бир далай