Перейти к содержимому
Обложка трека Бир тууганым — Шерзат Иминакун
4:09

Трек

Шерзат Иминакун Бир тууганым

Альбом · Өзүң Деп · 2019 · Поп

Скачать

Текст песни

Биз төрөлгөн ошол үй базар болуп
Турчу эле го өзгөчө шаңга толуп
Азыр кайда бир тууган, асылдарым
Жүрөм баарың сагынып, куса болуп
Бир тууганым, таянар асылдарым
Аска-зоодой бел болор жакындарым
Карааныңар дем болот кайда жүрсөм
Амандыгың тилеймин баарыңардын
Биз чоңоюп, балалык артта калып
Ар кимибиз ар тарапка багыт алып
Азыр ата-эне болуп калгансыңар
Асыл жарлуу үй-бүлөдөн бакыт табып
Күндөр улам зымырап өтүп барат
Жүрөгүмдү сагыныч бөлүп-жарат
Сезимимди кусалык ээлеп алып
Жолугушар кезди күтүп жүрөм самап
Бир тууганым, таянар асылдарым
Аска-зоодой бел болор жакындарым
Карааныңар дем болот кайда жүрсөм
Амандыгың тилеймин баарыңардын
Амандыгың тилеймин кымбаттарым

0:00 0:00