Текст песни
Сүйүүм турат жердин кени тургандай
Моюнумдагы ыйык аяр тумардай
Көкүрөккө сыймык толуп караймын
Көп кыйналып жакшы бир үй кургандай
Көп кыйналып жакшы бир үй кургандай
Сүйүүм агат мелмилдеген суулардай
Айбаттанат көлтө сүзгөн куулардай
Таттуу сайрап элжиретип сезимди
Таң алдында үн алышкан улардай
Таң алдында үн алышкан улардай
Сүйүүм турат жай күнүндөй толукшуп
Булбул сайрайт бутак сайын конушуп
Көзүмдөн курч, көкүрөктөн ал кетер
Унутпасмын кандай күнү жолуктук
Унутпасмын кандай күнү жолуктук
Бул дүйнөдө ачкан менин үнүмдү
Жарык кылып көөдөндөгү түнүмдү
Сенин гана аман жүргөн карааның
Мен сен үчүн даңктап ырдайм сүйүүмдү
Мен сен үчүн даңктап ырдайм сүйүүмдү
Сенин гана аман жүргөн карааның
Мен сен үчүн даңктап ырдайм сүйүүмдү
Мен сен үчүн даңктап ырдайм сүйүүмдү
Мен сен үчүн даңктап ырдайм сүйүүмдү