Перейти к содержимому
Обложка трека Жүрөктө сүйүү боздойт — Салидинова Жазгүл, Айзирек Абдирашитова, Темирова Мейликан
3:58

Трек

Салидинова Жазгүл, Айзирек Абдирашитова, Темирова Мейликан Жүрөктө сүйүү боздойт

Сингл · 2025 · Поп

Скачать

Текст песни

Ошол кеч эсте калды күзүңдөгү
Көргөндөн үмүтүм эч үзүлбөдү
Жүрөктү жүзгө бөлүп кетти окшойт
Жылдыздай уячалар
Жылдыздай уячалар жүзүңдөгү

Сиз мага ушунчалык жагасыз да
Көктөгү жылдыздардай жанасыз да
Экөөбүз бир болбойбуз аттиң дүйнө
Жүрөктө арман болуп
Жүрөктө арман болуп каласыз да

Жүргөндө жадап турмуш бардыгынан
Таберик болдуң окшойт тагдырымдан
Ээрчишип аалам кезип кетким келди
Аргасыз калдым
Аргасыз калдым жердин тардыгынан

Сиз мага ушунчалык жагасыз да
Көктөгү жылдыздардай жанасыз да
Экөөбүз бир болбойбуз аттиң дүйнө
Жүрөктө арман болуп
Жүрөктө арман болуп каласыз да

Маңдайга ушундайды жазган окшойт
Көздөрүң күлүп турса сезим козгойт
Экөөбүз баратабыз эки жолдо
А менин жүрөгүмдө
А менин жүрөгүмдө сүйүү боздойт

Сиз мага ушунчалык жагасыз да
Көктөгү жылдыздардай жанасыз да
Экөөбүз бир болбойбуз аттиң дүйнө
Жүрөктө арман болуп
Жүрөктө арман болуп каласыз да
Жүрөктө арман болуп
Жүрөктө арман болуп каласыз да

0:00 0:00