Текст песни
Жарык белең ак таңдай
Арзуум кенен асмандай
Сезимдерге сен келдиң
Бакыт нурун чачкандай
Биз жолуктук сүйгөнүм
Жакты аста күлгөнүң
Оюмду бүт ээледиң
Сени издеп жүргөнмүн, жаным эй, эх, сүйгөнүм
Дары белең жаныма бир сен
Сенсин менин - суйгөнүм
Нота болуп бийледиң
Сени суйуп бактылуумун эй
Керек мага назик күлгөнүң
Бир башкача жомоктой
Дүйнөм көрктөп боёктой
Жүрөгүмө кош келдиң
Кадыры зор коноктой
Жагат сүйкүм жамалың
Жагат баскан кадамың
Жан дүйнөмө нур чачып
Жалгыз сездиң абалым
Жанарым, сен аярым
Махабат жолунан барамын
Сенсин менин - суйгөнүм
Нота болуп бийледиң
Сени суйуп бактылуумун эй
Керек мага назик күлгөнүң