Перейти к содержимому
Обложка трека Дос керек — Мирбек Масалиев
3:26

Трек

Мирбек Масалиев Дос керек

Сингл · 2024 · Альтернатива

Скачать

Текст песни

Достор бар коштоп жандаган
Дайыма эрчип калбаган
Азапка батсам бири жок
Аларга ичтен таң калам
Көп досторум бар өмүр сапарда
Дили бирге жүргөн катарда
Түбөлүктүү достон болсок деп
Тиленем күндө жатаарда
Эх бүгүн, мага дос керек, сага дос керек
Кыйналып-кысталганда колдогон жөлөп
Калыс сөз айткан кетсек өйдөлөп
Чын достун жүрөктөгү оруну бөлөк
Мага дос керек, сага дос керек
Акыреттик асыл дос керек
Эч качан сатпас жакын дос керек
Эх көңүл табалбай келет
Алмашпас такыр башкага
Ак жүрөк достор аз гана
Татыктуу андай теңтуштун
Теңеймин күчүн аскага!
Биз жанашабыз тагдыр жол менен
Мыктыларын мактап дем берем
Санаалаш достор чынында
Саналып калат кол менен

0:00 0:00