Обложка трека Бульварым — Салидинова Жазгүл
2:37

Салидинова Жазгүл Бульварым

Сингл · 2024

Скачать

Текст песни

Толгон өмүр жазы болуп турганың
Толкунданткан жүрөк оту, жыргалым
Фрунземе күндө жаңы көрк кошуп
Гүл жыттанып, сүйкүмдөнөт бульварым
Фрунземе күндө жаңы көрк кошуп
Гүл жыттанып, сүйкүмдөнөт бульварым
Обонумдун күүсүн арнап ырдагын
Ойлоруңдун гүлүн терип ыйгардым
Жайы-кышы шайырланып, кулпунуп
Жаштык кечтин салтанаты — бульварым
Жайы-кышы шайырланып, кулпунуп
Жаштык кечтин салтанаты — бульварым
Сөөлөтүңдөн сага теңдеш таппадым
Саймаланган жашыл ыраң, жаш шаарым
Сергектентип кары-жашка дем берген
Сүйүү толгон сулуу көчөм — бульварым
Сансыз өмүр ырахатка бөлөнгөн
Сыймык толгон сулуу аллей бульварым

0:00 0:00