Текст песни
Салам бийкеч сени ойлоп ыр жазам
Өзүң менен ырларымда сырдашам
Таң каламын кээ кездерде өзүмө
Нур жүзүндү элестетип ырдасам
Ашык болдум карагаттай көзүңө
Байлап алдың бүт эркимди өзүңө
Ашыктыктан акын болдум сыягы
Көңүл буруп кулак салчы сөзүмө
Ушунчалык ийкемдүүсүң татынам
Аны неге байкабагам башынан
Чынын айтсам көптөрүнөн өзүңдү
Кызганамын аны кантип жашырам
Күлкүң менен менин жашоом нурданат
А башкасы нур жүзүңдөн куру калат
Болгон кайгы маселемди сен гана
Коёсуң да бир сөз менен бурмалап
Ашык болдум карагаттай көзүңө
Байлап алдың бүт эркимди өзүңө
Ашыктыктан акын болдум сыягы
Көңүл буруп кулак салчы сөзүмө