Текст песни
Сакалын бубак баскан чоң аталар
Кезигип кээ бир кезде кез келишет
Ааламат согуш болгон ал кезде деп
Аталар азыр айтып эскеришет
Атадан энеден да ажырашып
Ар жерде жетим балдар калган дешет
Атасы баласы да мылтык алып
Аламат кан майданга барган дешет
Энелер эр жумушун аткарышып
Тынчыбай тылга иштеп кыйналганын
Эзилип өспүрүмдөр ээрге минип
Балалык таттуу күндөн кур калганын
Айтышат ай мончоктой жигиттердин
Ок тийип кара көзү жумулганын
Капталдан кара тумоо каптап кирип
Кайран эл нанга жетпей кырылганын
Ардактуу аталарым бата берет
Кудайым мындай күндү бербесин деп
Биз көрдүк башкаларга ыраа көрбөй
Ал күндү биздин балдар көрбөсүн деп
Ааламат ошол күндү айтып турса
Ар сөзү ар башкача жомок сымал
Атышып жоону женген аталарым
Биз үчүн силер курман болгонсуңар
Сый көрүп урмат кылаар коноксуңар