Перейти к содержимому
Обложка трека Сага — Данияр Эрматов
3:26

Трек

Данияр Эрматов Сага

Альбом · Бир Туугандарым · 2025 · Поп

Скачать

Текст песни

Кадала тиктеп өзүңдү
Карагым келет көзүңдү
Кыялга бөлөп койдуң сен
Көңүлүм сага бөлүндү
Неге мынча татынасың?
Назданып сен тартынасың
Балдан ширин таттуу жансың

Жан дүйнөм сага
Сезимим сага
Жүрөктөн чыккан
Ырларым сага
Жылдыздай жанат
Көздөрүң мага
Тойбоймун карап
Тамшанып сага

Жашоомдун сенсиң жыргалы
Сезимдин өчпөс чырагы
Садагам сага мен дайым
Санаалаш болсом ар дайым
Неге мынча татынасың?
Назданып сен тартынасың
Балдан ширин таттуу жансың

Жан дүйнөм сага
Сезимим сага
Жүрөктөн чыккан
Ырларым сага
Жылдыздай жанат
Көздөрүң мага
Тойбоймун карап
Тамшанып сага

0:00 0:00