Обложка трека Жүрөгүм — Данияр Эрматов
3:17

Данияр Эрматов Жүрөгүм

Альбом · Бир Туугандарым · 2025

Скачать

Текст песни

Кадалам мен сенин кара көзүңө
Тандабас мени болсоң да
Тартуулайм мен сенин гана өзүңө
Сунулган гүлүм болсо да
Жалындай жалындап
Жылдыз нурун тартуулап
Жараладың, жабыркадым, карындаш
Үмүтүм тамчылап, сени күтөм ар убак
Жүрөккө сүйүү бердиң тартуулап

Жүрөгүм, жүрөгүм
Ооруп калды жүрөгүм
Ойлогон сайын жүдөймүн
Жүрөгүм, жүрөгүм
Эңсеп сени сүйөмүн
Арналат сага жүрөгүм

Ак куулардын арасынан тааныдым
Жаныма келчи, жарыгым
Ай тумарым, ак сүйүүнүн булагын
Өзүңө бурчу сураарым
Жалындай жалындап
Жылдыз нурун тартуулап
Жараладың, жабыркадым, карындаш
Үмүтүм тамчылап, сени күтөм ар убак
Жүрөккө сүйүү бердиң тартуулап

Жүрөгүм, жүрөгүм
Ооруп калды жүрөгүм
Ойлогон сайын жүдөймүн
Жүрөгүм, жүрөгүм
Эңсеп сени сүйөмүн
Арналат сага жүрөгүм

0:00 0:00