Текст песни
Сени менен бирге басканда
Учкансыймын дайым асманда
Көңүлүм сенден башкага бөлүнбөй
Дайым өзүндө
Ай нуруң жарык берет бир мага
Жакында менин колумду карма
Кучакта эркеле сен мага жүрөгүмдү арнайын
Ак сүйүүм агып барат дайрадай
Жамалың жарык аткан таңдардай
Бир мүнөт тура албаймын
Ойлоп сени сагынбай
Сага байлап өмүрүмдү жашаймын
Суранамын бирге болчу ар дайым
Сунамын ак сүйүүмдү ырга айланган
Жалгызым айдайым
Сага байлап өмүрүмдү жашаймын
Суранамын бирге болчу ар дайым
Сунамын ак сүйүүмдү ырга айланган
Жалгызым айдайым
Сүйгөнүң жанында болсо
Тунук махабат коштоп
Сезимдериң күйүп толсо
Сенден өткөн бактылуу жок
Колдо бар алтынды
Барктабаган бактысыз
Бузба сен өз тагдырыңды
Учурба бекер убакытты
Сүйүүңдү арна, жакшы көргөн жарыңа
Болсо баары жайында
Сактап жүр аны бузба
Керемет саптар жуксун баарына
Кумарланып уксун дайыма
Ырахаттанып жыргап жаша
Унутпа жүрөгүңдө сакта
Сага байлап өмүрүмдү жашаймын
Суранамын бирге болчу ар дайым
Сунамын ак сүйүүмдү ырга айланган
Жалгызым айдайым
Сени менен бирге басканда
Учкансыймын дайым асманда
Көңүлүм сенден башкага бөлүнбөй
Дайым өзүндө