Обложка трека Сагынтасын — Lucky feat. Саламат Калыбек уулу
3:39

Lucky feat. Саламат Калыбек уулу Сагынтасын

Альбом · Сагынтасын · 2023

Скачать

Текст песни

Өткөрбөй такыр мүнөттү
Өзүңдү эстеп күн өттү
Өзгөчөм сени сагындым
Өрттөбө болду жүрөктү
Көтөрүп жүрөм азапты
Сагыныч мени тажатты
Сумсайып жүрөм сүйүүдөн
Сүйүү жыргалбы же азапбы
Сүйүүнүн женип азабын
Сен менен качан басамын
Жүдөтпө мендей асылды
Жүрөктү сага ачамын
Мен сени далай күттү элем
Торуңа сенин түштү элем
Жылмайып келчи жаныма
Жыргап кетсин ай бүт денем
Сагынтасың саргайтасың
Таппай келем мен айласын
Унута албай мен өзүмдү алдайм
Кыялымда сени жандайм
Жүрөгүмдү эзесиңби
Сагындым мен сезесиңби
Кучагымды сага ачтым
Жан дүйнөмө киресиңби
Жетпеди сага жазган кат
Жеңилдим келчи эми бат
Жел уруп калган өңдөнөм
Дартыма дабаа өзүң тап
Муңайган мүнөз өзгөрмөк
Жаныңдан сени көз көрсө
Өмүрдө жетмек мага ошол
Сенин да сүйүүң өчпөсө
Ким курган бизге тузакты
Көп күттүм карап узакты
Кылым да болсо күтөмүн
Сен үчүн жайып кучакты
Жүрөгүм турат жай таппай
Сүйүүдө турсун күн батпай
Көп күтүп калдың мени деп
Артымдан келчи байкатпай
Сагынтасың саргайтасың
Таппай келем мен айласын
Унута албай мен өзүмдү алдайм
Кыялымда сени жандайм
Жүрөгүмдү эзесиңби
Сагындым мен сезесиңби
Кучагымды сага ачтым
Жан дүйнөмө киресиңби

0:00 0:00