Текст песни
Мен өзүнчө ойлономун ичтен сызып
Жазып койгон тагдырыбыз өзү кызык
Бирин бирин көрбөй жүргөн адамдарды
Бириктирип коёт тура эгиз кылып
Сен көрүндүң
Өзгөрүлдүм
Бирге өтсүн
Көргөн күнүм
Сен көрүндүң
Өзгөрүлдүм
Бирге өтсүн
Көргөн күнүм
Сен мендиксиң мен сен деп
Ак сүйүнү бекемдеп
Сөзүм берем баркыңа мен жетем деп
Сен мендиксиң мен сен деп
Ак сүйүнү бекемдеп
Сөзүм берем баркыңа мен жетем деп
Секет, секет, секет, секет
Кагылайын, ананайын, жанган айым
Жетет, жетет, жетет, жетет
Менин алым сүйүү табын жандырамын
Тандап сени жаңылбады жүрөк дагы
Сени менен өткөргөн күндөр кызык
Сүйүм калат мен өмүрдөн өтсөм дагы
Ак сүйүмдөн таппайсың сен айыбын
Сени, сени, сени
Тандап жүрөк сени деди деди
Жанашып биз түгөй болдук эми эгиздей
Сени, сени, сени
Көңүл эңсеп сени деди деди
Көрбөй калсам күлгө айланат менин сезимим
Алдыда кең жол
Ардайым жаныңда болуп турамын бер кол
Башканы каалабайм бир гана жаным сен бол
Жай таппай калсам жүрөгүмө дайым дем бол, дайым дем бол
Алдыда кең жол
Ардайым жаныңда болуп турамын бер кол
Башканы каалабайм бир гана жаным сен бол
Жай таппай калсам жүрөгүмө дайым дем бол, дайым дем бол
Сен мендиксиң мен сен деп
Ак сүйүнү бекемдеп
Сөзүм берем баркыңа мен жетем деп
Сен мендиксиң мен сен деп
Ак сүйүнү бекемдеп
Сөзүм берем баркыңа мен жетем деп