Обложка трека Айылдык кыз — Lucky, Salamat, ABILHAN
3:02

Lucky, Salamat, ABILHAN Айылдык кыз

Сингл · 2025

Скачать

Текст песни

Ойгонуп турдум үй чачык
Төбөдө күн чакчайып
Күнүм окшош күндө ушундай
Үй жумуштан ал тайып
Түйүнчөктү түйүнүп анан баратамын
Сүйүнүп сага досум тосуп алам дейт
Дасторконун жайып мага

Жоолугалы досум кургап турат озум
Бышып калса козуң Казанга ас тосуп
Түрлүү адам тегеректе бул калаадан тажадым
Баратамын сага досум айтып берем калганын
Бир жеңилдеп алайынчы айтып берем арманым
Арманым арманым

Таштан ташка секирип
Атып жейли досум келчи кекилик
Куржундагы илинген жарманы
Жутуп кекирип анан айылдагы сулууну
Көрүп бала куруду
Тил оздон калып мен шилекейим чууруду

Айылдык кыз
Мени бир карап арбадыңыз
Айылдык кыз
Айланчыктатып байладыңыз

Чыптаманы жамынган
Чийбейт кашты абыдан
Чыбык кармап уй айдап
Чын денелүү карындаш
Ойлор болду аралаш
Сезимиме каралаш
Эсим ооду бир көрүп
Түшкөндөйго башка таш

Чыкпайт түндө үйүнөн
Чыгып калса сүйүнөм
Үн чыгарбай бүгүлөм ай
Терезеңдин түбүндө
Атаң каарду көрүнүп
Каштан каары төгүлүп
Барып колун сурасам
Кууп салбайбы сөгүнүп

Жай чертилип фортепиано
Сендей кызга жигит ай пиано
Жакын барып айтсамбы же
Чоң кыз сени чын i am te amo

Айылдык кыз кара тору
Жүрөгүм ах ооруп калды сен деп согуп
Уктап жатып көрдүм сени
Түшүмдү сен секет келип берчи жооруп

Жөн кетпей ала кетейин
Алдыңа эле кетейин
Колуңду кармап үйүмө
Шамалдан ылдам жетейин

Айылдык кыз
Мени бир карап арбадыңыз
Айылдык кыз
Айланчыктатып байладыңыз

0:00 0:00