Обложка трека Асыл жерим — Lucky, Vbulvs
3:05

Lucky, Vbulvs Асыл жерим

Сингл · 2024

Скачать

Текст песни

Арча жыттуу Ала Тоолу асыл жерим
Сагынычым ырга айланды бүгүн менин
Алыстасаң бүт ойуңду ээлеп алган
Ыйыктыгы мынча күчтүү туулган жердин
Чокуларың ак мөңгүлүү аппак болуп
Коктуларың бүт жаныбар тегиз толуп
Өзөн бойлойт көк кашка суу дарыялар
Күзгү сымал жарк-журк этип көрктү кошуп
Жапжаш болуп бир өңүнөн эч өзгөрбөй
Мезгилердин алмашканын сезип койбой
Тоо беттериң өзгөчө суктандырат
Атыр жыттуу, жашыл арча көрккө бөлөй
Меймандос элиң дагы кичи пейил
Маектешип баскым келет куруп сейил
Ойлорунда жөнөкөйлүк сыпаалыктар
Мыкты сапат мактап бүткүс кандай не бир
Туулган жерим сен ыйыксың ай асылсың
Сен жөнүндө даалай ырлар жазылсын
Дал өзүмдү адам сыңар сездирген
Денемдеги согуп турган канымсың
Арча жыттуу Ала Тоолу асыл жерим
Сагынычым ырга айланды бүгүн менин
Алыстасаң бүт ойуңду ээлеп алган
Ыйыктыгы мынча күчтүү туулган жердин
Мы любители гор и их подножий
Мы в сердце Центральной Азии как в раю
Ты поместила в себя на себя же похожих
Но и рада другим
Ты протянулась от запада на восток
Красива со всех сторон
Ты цепляешь со всех сторон
Небесные горы как я обожаю
О боже твои красивые узоры
Спой мне еще и еще чтобы я смог перепеть твои строки и
Родина унеси мелодию всем нашим
Нет земли краше чем родина наша
Родина унеси мелодию всем нашим
Нет земли краше чем родина наша
Арча жыттуу Ала Тоолу асыл жерим, асыл жерим
Сагынычым ырга айланды бүгүн менин
Алыстасаң бүт ойуңду ээлеп алган
Ыйыктыгы мынча күчтүү туулган жердин

0:00 0:00