Текст песни
Кан ойноп кыргыз тамырда
Оттой бол күйүп жалында
Омуруп оюп жей албайт
Баатырлар турган чагында
Эл толуп жайлоо төрүндө
Кайберен кырдап өрүндө
Кылымга калсын деп анан
Жаздым кыраандар кыргыз жөнүндө
Моюнду сунбас элим бар
Мончоктой мөлтүр жерим бар
Тарыхта таштай салмактуу
Атакем Манас тегим бар
Жүрөктө турбайт жаралар
Жукпаган мага капалар
Мейман дос уулун ээрчитип
Үйрөткөн ата апалар
Байланбас тулпар үйрөтүп чапкан
Жолоочу өтсө сунушкан аштан
Кыйрабай неге келатабыз десең
Кылынган эмгек Кудайга жаккан
Бабалар өткөн кулабай саптан
Сөз бийик болгон акылсыз баштан
Душманды күтпөс мейман дос элим
Таш менен эмес сунушкан аштан
Улутпуз сөз баккан өр жактан
Көз салып чер жазган
Жараткан сен мага
Тапшырган бир гана
Ала тоодой жер даана
Кыргызыма эп экен
Бийик бийик имарат
Ала-Тоо го ким экен
Карангы капкара түндө жол тапкан
Кырылгыз элбиз жүз каттам
Алаканы жайылса
Ак батага бүт баткан
Жерден суурулуп бермет
Кемибей дагы эле келет
Журтуңа күйүп сен дагы
Бир учун чоюп кой теңеп
Ассалам алейкум
Көз карашыбыз тең келсе
Сөз талашпагыз деңгээлде
Жаман адатыбызды жеңбесек
Келечек кыйнайт жети эсе
Канча каада салтыбыз бар бизде
Таппасаң кайра барып изде
Меймандуу калкыбыз бар бизде
Таппасаң анда кеп сенде
Канаттуу Кыргызстан бийик учат ишен
Жөн карабастан салымды кош аяба жардам
Жаран бол Үлгүлүү наамын алган
Билет беле санааң
Жоголуп кеткене калган тек мурасыңды
Билмексен болуп карап турасыңбы
Туура үй бүлөө же там курасыңбы
Алга Миңдеген миңдеген күн көрөлү бирге бөлүнгөндү билбеген
Канча уруу улут баарыбир баарыбыз тууганбыз чек араларыбыз чийилбеген
Алга Миңдеген миңдеген бийиктикти багынталы спорт менен билим менен
Эл бололу убакыт менен тептең жаңы нерселердин баарын изилдеген
Алга Миңдеген миңдеген күн көрөлү бирге бөлүнгөндү билбеген
Канча уруу улут баарыбир баарыбыз тууганбыз чек араларыбыз чийилбеген
Улутпуз сөз баккан өр жактан
Көз салып чер жазган
Жараткан сен мага
Тапшырган бир гана
Ала тоодой жер даана
Кыргызыма эп экен
Бийик бийик имарат
Ала-Тоо го ким экен
Карангы капкара түндө жол тапкан
Кырылгыз элбиз жүз каттам
Алаканы жайылса
Ак батага бүт баткан
Жерден суурулуп бермет
Кемибей дагы эле келет
Журтуңа күйүп сен дагы
Бир учун чоюп кой теңеп