Перейти к содержимому
Обложка трека Жолугам сага — ERMA
3:40

Трек

ERMA Жолугам сага

Сингл · 2025 · Поп

Скачать

Текст песни

Жаз келет табиятка
Жаз келсе дейм жүрөккө
Жалгыз жүргөндө

Дем берет го кайрадан
Булбул үнү сайраган
Жалгыз баратам

Күрөшөм бакыт үчүн
Мен билем жетет күчүм
Ишенем бир күн

Жолугам сага
Жолукчу мага
Зар болуп турганда

Кезигем сага
Кезикчи мага
Батайын бакытка

Болду өзүмөн качпайм
Баарын кайрадан баштайм
Жаңы барактан

Себеби бол күлкүмдүн
Сени күтөм күнү-түн
Өчпөйт үмүтүм

Күрөшөм бакыт үчүн
Сакталат сага сүйүүм
Ишенем бир күн

Жолугам сага
Жолукчу мага
Зар болуп турганда

Кезигем сага
Кезикчи мага
Батайын бакытка

0:00 0:00