Текст песни
Адил жанына аманат арзып жалган дүнүйө,
Азиз жандүйнө сабалап адамга аздык дүнүйө
Алда, амалынан тартып азап улам
Жарты таза ыйман, жаңылган гана жан,
жаңылган гана жан
Адамың адегенде жаны сатылып
Кур намыс, кастыкка батынып
Кыйнаган согушуң, кыянат согушуң, неге, неге,неге
Азгырык жеңип дилди - той салып бийде,
Жалганга баштар чөмүлүп,
Төгүлгөн кандар, ыйлаган жандар, неге неге неге
Жан берген махабат,
Жарадар жүрөктөн ачуу кан агат
Урпактарга не насыят
Уууланган чуудан не калат
Ойлон садага,
Ойгон садага,
Ойрон асаба,
Күйүмсүз жарыбайт, сүйүүсүз жаңырбайт
Адамың адегенде жаны сатылып
Кур намыс, кастыкка батынып
Кыйнаган согушуң, кыянат согушуң, неге, неге, неге
Азгырык жеңип дилди - той салып бийде,
Жалганга баштар чомулуп,
Төгүлгөн кандар, ыйлаган жандар, неге неге неге
Комментировать