Обложка трека Азаттык ыры — Токтобек Асаналиев
3:16

Токтобек Асаналиев Азаттык ыры

Сингл · 2018

Скачать

Текст песни

Азияда ат ойноткон элденбиз
Азапты да, тозокту да жеңгенбиз
Асабаңды бийик көтөр, кыргызым
Азаттыкта жашоо үчүн келгенбиз
Жаштарың намыс кармасын
Жарыгын элге арнасын
Калкымды коргоп, жалпыңды колдоп
Жараткан өзү жалгасын
Жараткан өзү жалгасын
Тарбиясын бабалардын көргөнбүз
Тарыхты биз ташка жазып келгенбиз
Душмандарды Ала-Тоого жолотпой
Досубузга төрдөн орун бергенбиз
Жаштарың намыс кармасын
Жарыгын элге арнасын
Калкымды коргоп, жалпыңды колдоп
Жараткан өзү жалгасын
Жараткан өзү жалгасын
Ала-Тоодо жети дубан эл болуп
Алгаладык башкаларга тең болуп
Азат кыргыз мамлекет жашасын
Ата-Журттун келечеги кең болуп
Жаштарың намыс кармасын
Жарыгын элге арнасын
Калкымды коргоп, жалпыңды колдоп
Жараткан өзү жалгасын
Жараткан өзү жалгасын
Калкымды коргоп, жалпыңды колдоп
Жараткан өзү жалгасын
Жараткан өзү жалгасын

0:00 0:00