Текст песни
Аттанган туулган жер үчүн
Аттанган кутман эл үчүн
Гүл коюп, эскер, ыйлап ал
Уулуңар, жоокер эл үчүн
Эстелик жанына келип
Энелер, ыйлабагыла
Уулуңар тирүү биз менен
Сезимди кыйнабагыла
Жан берип кандуу кармаштан
Кайткан жок, кайра батыштан
Эстелик болду эми алар
Түбөлүк отту жагышкан
Эстелик жанына келип
Энелер, ыйлабагыла
Уулуңар тирүү биз менен
Сезимди кыйнабагыла
Тосушуп таңды атаарда
Узатып күндү батаарда
Түбөлүк тирүү турушат
Уулуңар биздин катарда
Эстелик жанына келип
Энелер, ыйлабагыла
Уулуңар тирүү биз менен
Сезимди кыйнабагыла
Эстелик жанына келип
Энелер, ыйлабагыла
Уулуңар тирүү биз менен
Сезимди кыйнабагыла
Уулуңар тирүү биз менен
Сезимди кыйнабагыла
Сезимди кыйнабагыла