Текст песни
Деп ошондо кыргызымдын тулпары
Күлүктөрдөн күлүк чыккан Гүлсары
Ак маңдайга алтын нуру төгүлүп
Дүбүртүңдөн дүңгүрөдү жер шары
Дүбүртүңдөн дүңгүрөдү жер шары
Тери кургап билинбеди басканы
Тең узады текиреңи, таскагы
Кылым билет ат жалына келгенде
Кыйын келет кыргыздардын чапканы
Кыйын келет кыргыздардын чапканы
Эр Манастын куласындай чуркасын
Жаныбарым, жаныбарым Гүлсары
Жел жетпеген учкул канат боло көр
Темингенде тегеренип жер шарын
Темингенде тегеренип жер шарын
Темингенде тегеренип жер шарын
Темингенде тегеренип жер шарын
Темингенде тегеренип жер шарын