Текст песни
Алтыным апам айымсың
Жашыл төр жайлоо жайымсың
Жаныма берип күч кубат
Жүрөктө аккан канымсың
Күмүшүм апам күнүмсүң
Ай жарык салкын түнүмсүң
Мээримге бөлөп балкыган
Мен үчүн батпас күнүмсүң
Мээримге бөлөп балкыган
Мен үчүн батпас күнүмсүң
Күмүштү стартып самайын
Эч бири тартам убайын
Актоого аппак сүтүңдү
Бир өмүр жетпейт кантейин
Актоого аппак сүтүңдү
Бир өмүр жетпейт кантейин
Асылзат ыйык тумарым
Апакем жашоо булагым
Эмгеги ушул колундан
Ыр менен таазим кыламын
Эмгеги ушул колундан
Ыр менен таазим кыламын
Ыр менен таазим кыламын