Обложка трека Атам менен апама — Токтобек Асаналиев
4:28

Токтобек Асаналиев Атам менен апама

Сингл · 2020

Скачать

Текст песни

Кабарымды күндө сурап барганда
Карыктыго карегиңер талганда
Мен болсо силерге окшоп жем ташып
Чымчык болдум өз уямды айланган, айланган
Андагыдай мойнуңарга артылбай
Арманым көп иште жүргөн айтылбай
Амандыгын күндө тилейм кудайдан, кудайдан
Атакебай, апакебай, алтындар
Ат бердиңер алыс жолго минерге
Тон бердиңер үшүгөндө киерге
Суу бердиңер чөлдө калса ичсин деп
Мен эч нерсе бере албадым силерге, силерге
Андагыдай мойнуңарга артылбай
Арманым көп ичте жүргөн айтылбай
Амандыгың күндө тилейм кудайдан, кудайдан
Атакебай, апакебай, алтындар
Атакебай, апакебай
Атакебай, апакебай, алтындар
Мээримине бөлөп келди көзүңөр
Мен таянар, медер тутар өтүнөөр
Мелт-калт кылып сактап турган өзүмдү
Мекеним да, Меккем дагы өзүңөр, өзүңөр
Андагыдай мойнуңарга артылбай
Арманым көп иште жүргөн айтылбай
Амандыгын күндө тилейм кудайдан, кудайдан
Атакебай апакебай алтындар
Атакебай, апакебай
Атакебай, апакебай, алтындар
Атакебай, апакебай, алтындар

0:00 0:00