Обложка трека Сагынам — Токтобек Асаналиев
2:45

Токтобек Асаналиев Сагынам

Альбом · Сабиркан · 2016

Скачать

Текст песни

Айылдын ары жагынан
Алмалуу колхоз багынан
Кеч курун иштеп тең кайтып
Келаткан күндү сагынам
Кеч курун иштеп тең кайтып
Келаткан күндү сагынам
Алыстап суунун шарынан
Айтылып сырлар абыдан
Ар дайым бирге болууга
Антташкан күндү сагынам
Ар дайым бирге болууга
Антташкан күндү сагынам
Жаштыктын ошол чагынан
Тең татып өмүр балынан
Колунан кызыл гүл алып
Коштошкон күндү сагынам
Колунан кызыл гүл алып
Коштошкон күндү сагынам
Сагынам жаным сагынам
Алыссың кантем жанымда
Сүйгөнүн эстеп сагынуу
Эң кыйын экен баарынан
Сүйгөнүн эстеп сагынуу
Эң кыйын экен баарынан

0:00 0:00