Обложка трека Кара-Көлдүн кыздары — Токтобек Асаналиев
2:53

Токтобек Асаналиев Кара-Көлдүн кыздары

Альбом · Сабиркан · 2016

Скачать

Текст песни

Кара-Көлдүн кыздары жылдыз маңдай
Көздөрүн көр жымыңдашкан жылдыздардай
Жүрөгүмө түнөтүп бир сулуусун
Жүрөмүн кыялым алыстабай
Жүрөмүн кыялым алыстабай
Жээгинде дайранын шарпылдаган
Күлгөнүңдү сагындым шаңкылдаган
Чыгып барып аскага тизгениңди
Жылдыз кармап колуңа жаркылдаган
Жылдыз кармап колуңа жаркылдаган
Сырдап жаткан үйлөрдү алтын менен
Сыйда назик колдоруң алтын белем
Сыймыктанат элиң да, куруучу кыз
Сенин атың эмгегиң даңкың менен
Сенин атың эмгегиң даңкың менен
Эңсейм сени көңүлүмө ырыс толуп
Эңсейм сени жүрөгүмө жылдыз конуп
Мени өзүңө чакырчы сыйкырлачы
Учуп түндө жетейин жылдыз болуп
Учуп түндө жетейин жылдыз болуп
Учуп түндө жетейин жылдыз болуп

0:00 0:00