Текст песни
Айлымдын аязында, аптабында
Ал турсун топурак-чаң, баткагында
Мээримдүү бир башкача жылуулук бар
Мен, балким, түшүнбөгөм жаш чагымда
Мен, балким, түшүнбөгөм жаш чагымда
Атама, апама окшош айылымсың
Адашкан сурап билер дайынымсың
Алыста тагдыр мени алып жүрөт, ай
Акыры бир кайрылар байырымсың
Акыры бир кайрылар байырымсың
Кээде бир көңүл чөгүп кайгырамын
Билесиң көкүрөктө кайгым барын
Келсем да, кетсем дагы тобо кылам
Жүрөккө медер кылып айлым барын
Жүрөккө медер кылып айлым барын
Ааламдын, айылымдын тамчысымын
Ата-энемден арткан өмүр жарчысымын
Арзыбасам жок дегенде босогоңо
Атакем илип кеткен камчысымын
Атакем илип кеткен камчысымын
Арзыбасам жок дегенде босогоңо
Атакем илип кеткен камчысымын
Атакем илип кеткен камчысымын
Атакем илип кеткен камчысымын