Обложка трека Даткайым — Токтобек Асаналиев
3:50

Токтобек Асаналиев Даткайым

Сингл · 2024

Скачать

Текст песни

Кара бир тоонун боорунан
Калдайып учуп куш конот
Кара көз сулуу Даткайым, ай
Кандай бир жанга туш болот
Улуу бир тоонун боорунан
Удургуй учуп куш конот
Сурма көз сулуу Даткайым, ай
Буюрган жанга туш болот
Көк-Тоонун башы көк жалтаң
Көрбөй бир басып тай кылдым
Көп гана ойноп, аз күлгөн, ай
Даткайым, сизден айрылдым
Ак-Тоонун башы ак жалтаң
Абайлай баспай тай кылдым
Аз гана ойноп, көп күлгөн, ай
Даткайым, сизден айрылдым
Аз гана ойноп, көп күлгөн, ай
Даткайым, сизден айрылдым
Аз гана ойноп, көп күлгөн, ай
Даткайым, сизден айрылдым

0:00 0:00