Текст песни
Жыл өттө көрбөй калганча
Жык толуп жүрөк арманга
Өкүнүч мени мыжыгат
Өзүңдү көрбөй калганга
Өкүнүч мени мыжыгат
Өзүңдү көрбөй калганга
Эркелей калсан асылып
Эт жүрөк черим жазылып
Аралай кирип кетчүү элең
Алмалуу бакка жашынып
Аралай кирип кетчүү элең
Алмалуу бакка жашынып
Бул кезде анын бири жок
Жалыңдай жүрөк кири жок
Бир сөзгө мынча таарынып
Каяка кеттиң жиги жок
Бир сөзгө мынча таарынып
Каяка кеттиң жиги жок
Сен үчүн далай ырдадым
Дагы эле келет ырдагым
Кетирген күнөм мойнумда
Кечирип койсоң жыргалым
Кетирген күнөм мойнумда
Кечирип койсоң жыргалым
Кетирген күнөм мойнумда
Кечирип койсоң жыргалым