Текст песни
Көңүл толкуйт көркөмүңдү көргөндө
Кереметтүү кучагыңда жүргөндө
Көз алдыма аппак тоолор тартылат
Алыс жүрүп сага көңүл бөлгөндө
Ээй, ойду эргитет
Оой, көңүл сергитет
Алыс жүрүп сага көңүл бөлгөндө
Шыктанамын минип кыял кемесин
Чалкып жаткан кандай укмуш немесиң
Карааныңдан кагылайын Ала-Тоом
Кандайдыр бир жүрөккө дем бересиң
Ээй, карагай-кайың
Оой, арчалуу жайың
Кандайдыр бир жүрөккө дем бересиң
Канга дары таштай тунук булагың
Көрпө болуп өскөн көпкөк тулаңың
Ырым менин сенин демиң эмеспи
Өс, Ала-Тоом, өзүм өскөн турагым
Ээй, тунук булагың
Оой, көрпө тулаңың
Өс, Ала-Тоом, өзүм өскөн турагым
Ээй, тунук булагың
Оой, көрпө тулаңың
Өс, Ала-Тоом, өзүм өскөн турагым
Өс, Ала-Тоом, өзүм өскөн турагым
Өс, Ала-Тоом, өзүм өскөн турагым