Обложка трека Өмүр — Токтобек Асаналиев
4:28

Токтобек Асаналиев Өмүр

Альбом · Адамдарга Кайрылуу · 2024

Скачать

Текст песни

Бойго жетип кара кыздар кечеги
Кызыл-тазыл түргө бөлөйт көчөнү
Суктандырат жаш балдарды алдыда
Сеникинен өмүрү көп экени
Унутулат далай сууну кечкениң
Далай үйдөн далай үйгө көчкөнүң
Улуу күндүн маегинен бошобой
Унутасың жылдар кантип өткөнүн
Уюлгуган тунук ойлор андайда
Чырак болуп жанып турат маңдайда
Кызык таттуу табышмактуу жашоонун
Бирок даамы калбайт тура таңдайда
Токтотпостон салат өмүр жүрүшүн
Табигаттан алат каткан үлүшүн
Туулган жерден жүрөк калат от болуп
Жалбырттаган жалын болуп бир үзүм
Жалбырттаган сүйүү болуп бир үзүм
Туйбайсың сен турпатыңдан күнүңдөн
Калаар болсоң сезимдерди үнөмдөп
Качандыр бир кайра баштан жаралсаң
Мен өзүңө келээр элем сүйөм деп

0:00 0:00