Перейти к содержимому
Обложка трека Сымбатым — Токтобек Асаналиев
3:02

Трек

Токтобек Асаналиев Сымбатым

Альбом · Саадатым · 2010 · Поп

Скачать

Текст песни

Сымбатым жашыл жаздын көркөмүндөй
Сулуусуң Болоттун Ак Мөөрүндөй
Суйкайып жүрөгүмдү жараладың
Суктантып Барпы акындын Мөлмөлүндөй
Суйкайып жүрөгүмдү жараладың
Суктантып Барпы акындын Мөлмөлүндөй
А бирок Алымкандай Токтогулдун
Тагдыр деп, башкага жар болбогунуң
Ээрчишип кете бербе бөлөк менен
Туруксуз Чолпонундай Жолболдунун
Ээрчишип кете бербе бөлөк менен
Туруксуз Чолпонундай Жолболдунун
Камыгып ичке сырын жашыра албай
Топко айткан ак сүйүүсүн зарлай-зарлай
Тагдыры татаал күнгө туш келсе да
Сүйүүгө туруктуу бол Бегимайдай
Тагдыры татаал күнгө туш келсе да
Сүйүүгө туруктуу бол Бегимайдай
Жадырап жазда толуп чыккан айдай
Жашайбыз көргөн жандар суктангандай
Сүйүшкөн бизден кийин далай жаштар
Мисалдап экөөбүздү ыр жазгандай
Сүйүшкөн бизден кийин далай жаштар
Мисалдап экөөбүздү ыр жазгандай
Сүйүшкөн бизден кийин далай жаштар
Мисалдап экөөбүздү ыр жазгандай
Мисалдап экөөбүздү ыр жазгандай

0:00 0:00