Текст песни
Ачылган аппак гүл көрсөм
Окшотуп коём өзүңө
Таалайдын таңы өңдөнүп
Жалжалым, көрүнгүм келет көзүңө
Күттүрдүң мени гүл бакта
Күүгүмгө калдым сен үчүн
Таалайдын таңы өңдөнүп
Жалжалым, жаралсаң келет мен үчүн
Ойлогон сырды айта албай
Аптыгып кетет жүрөгүм
Жаңсасаң боло жактырсаң
Жалжалым, канчага минтип жүрөм?
Күн түнү кетпей эсимде
Күйүткө түштүм сен үчүн
Туткунуң болдум багындым
Жалжалым, буйругуң барбы мен үчүн?