Обложка трека Толгонуу — Токтобек Асаналиев
3:55

Токтобек Асаналиев Толгонуу

Сингл · 2020

Скачать

Текст песни

Күзөтчүдөй көз ирмебей күн-түнү
Тирүүлүктө түгөнбөгөн түйшүгү
Апамды мен кут төгүлгөн үй десем
Атам анын кармап турган түркүгү
Атам барда мен таптагы ылаачын
Атам менин өзгөрбөгөн кубатым
Күбөсү бол сен жараткан эрдиктин
Жүрүштөрдө күнгө жеткен кулачың
Күбөсү бол сен жараткан эрдиктин
Жүрүштөрдө күнгө жеткен кулачың
Шаштым кетип бошоңдосо сабырым
Жолдон алып оор жүктүн жарымын
Кыйын кезде кылт дедирбей дем берген
Атам менин терең жайган тамырым
Кубанчыма, кайгыма да тең шерик
Бул дүйнөдө жан болбостур сенчелик
Ак сарайым, алтын туткам кутманым
Бул дүйнөгө сен тургузган эстелик
Ак сарайым, алтын туткам кутманым
Бул дүйнөгө сен тургузган эстелик
Cен тургузган эстелик

0:00 0:00