Текст песни
Ыйык жол баштарымсың
Бийигим асманымсың
Караңгы түндө калсам
Кайрылар, кайрылар ап таңымсың
Күлүктөй алам анда
Күүлөнүп барам алга
Намыска чабам алга
Атакем, атакем таптарымсың
Күн болуп жанып турган
Жашоону жарык кылган
Жол карап көздүн жашы
Жолукту, жолукту чайып курга
Кыйналсам ызаа болуп
Сагынсам кусаа болуп
Койнуна кыса коюп
Атакем, апакем айыктырган
Бар үчүн барын кылган
Бар жокко сабыр кылган
Асылым силерсиңер
Ар мүнөт ар дыйым сагындырган
Баатырым атам үчүн
Асылым апам үчүн
Бактылуу жашоо үчүн
Атакем, апакем жаным курман
Баатырым атам үчүн
Асылым апам үчүн
Сиз берген батаа үчүн
Атакем, апакем жаным курман
Сиз берген батаа үчүн
Атакем, апакем жаным курман