Обложка трека Кызыл өрүк — Токтобек Асаналиев
3:23

Токтобек Асаналиев Кызыл өрүк

Альбом · Сабиркан · 2016

Скачать

Текст песни

Жазда келгем айылыңа кызыл өрүк
Түштү көөнүм көркүңө сени көрүп
Күндө отуруп түбүңдө искеп жытың
Карай берем кайталап көңүл бөлүп
Ого бетер буруксуп мени тиктеп
Болгонсудуң өмүргө өзүң шерик
Күндөгүдөй күлүңдөп мага карап
Коштошууга кол берип келдим сага
Атыр жытың жыттайын аябачы
Белек болсун өзүңдөн ошол гана
Неге мынча бук болом камыккансып
Ысыйт денем алоолоп улам жана
Кызыл өрүк кош болгун, кошкун эми!
Күбө болсун жүрөккө жаздын жели
Жалбырагың сеңселтип бетим сылап
Таркап кетсин көңүлдүн буккан чери
Келген мейман сөзү деп эстей жүргүн
Ишенип кой унутпайм мен да сени
Жалбырагың сеңселтип бетим сылап
Таркап кетсин көңүлдүн буккан чери
Келген мейман сөзү деп эстей жүргүн
Ишенип кой унутпайм мен да сени
Ишенип кой унутпайм мен да сени

0:00 0:00