Текст песни
Өмүрүм өрттөп, өзүңсүз тостум таңдарды
Өкүттө келем тагыдырым коштоп армандуу
Бакыттын кушун учуруп ийдим бир келген
Баркыңды билип, баалаган мендей жан барбы
Барайын десем, бара албай
Өзөндөй сага агалбай
Жараткан берген белегин
Өзөгүм өртөп келемин
Өзүңдүк болуп кала албай
Алыстагы асыл затым
Өзүңдү жоктоп кан жолдо турам муңайып
Өзүңө алып кайра эле жөнөйт бир агым
Тагдырдын изин биз баскан жолдон издетип
Тагдырым болгон таркабас менин кумарым
Барайын десем, бара албай
Өзөндөй сага агалбай
Жараткан берген белегин
Өзөгүм өртөп келемин
Өзүңдүк болуп кала албай
Алыстагы асыл затым
Тагдырдын жолун жаңылбай кимдер баса алат
Таңдарым мени айылыңа бир күн алып барат
Өзүң деп жүрүп өмүрдүн чыгаан соңуна
Өзүмдү,өзүм кечирбей анан жазалап
Барайын десем, бара албай
Өзөндөй сага агалбай
Жараткан берген белегин
Өзөгүм өртөп келемин
Өзүңдүк болуп кала албай
Алыстагы асыл затым