Обложка трека Жаштык кез — Токтобек Асаналиев
3:25

Токтобек Асаналиев Жаштык кез

Альбом · Сабиркан · 2016

Скачать

Текст песни

Жаштык кез жаңы кийимдей
Эскирсе калган кийилбей
Боз улан бойдон турбайсың сен
Бул жолуң өтөт билинбей
Боз улан бойдон турбайсың сен
Бул жолуң өтөт билинбей
Кыярса калбас күбүлбөй
Кырчын кез тоонун гүлүндөй
Кыз бойдон дайым турбайсың сен
Кызык кез өтөт билинбей
Кыз бойдон дайым турбайсың сен
Кызык кез өтөт билинбей
Күнүгө сени жандаган
Күлгүн чак келбейт кайрадан
Элирбей жаштык кезиңди
Эс-акыл менен пайдалан
Элирбей жаштык кезиңди
Эс-акыл менен пайдалан
Күүлөнөт күлүк күнүндө
Туйлайт деп тулпар тушунда
Турмушка өчпөс из калтыр
Туягың бүтүн чагыңда
Турмушка өчпөс из калтыр
Туягың бүтүн чагыңда
Турмушка өчпөс из калтыр
Туягың бүтүн чагыңда
Турмушка өчпөс из калтыр
Туягың бүтүн чагыңда

0:00 0:00