Обложка трека Кимибизден — Токтобек Асаналиев, Гүлжан Кулмамбетова
4:08

Токтобек Асаналиев, Гүлжан Кулмамбетова Кимибизден

Альбом · Коштошуу · 2024

Скачать

Текст песни

Менденби же сенденби, кимибизден?
Сезимдер өчүп барат дилибизден
Адашып, атаганат, баратабыз
Арзышып араң тапкан сүйүүбүздөн
Кайран кез, кандай сонун убак эле
Сезимдер эңсөө төрөп турар эле
Сагынып, самап келсем сапарымдан
Саамайың саамал кымыз сыңар эле
Башатын махабаттын чандыи беле?
Байкабай капа кылып алдым беле?
Болбосо боз уланга менден артык
Бой салып, ашык болуп калдың беле?
Болбосо жаш селкиге менден артык
Бой салып, ашык болуп калдың беле?
Көңүлдүн муз төрүнө бара электе
Көздөн жаш көл-шал болуп ага электе
Жаркыным, суу куя көр сезимдерге
Тамыры такыр кургап кала электе

0:00 0:00