Текст песни
Көз ачып жарыка көрүнгөн
Туулган жер чыгабы көңүлдөн
Күлгүн кез өткөндөй өзүңдөн
Гүл терип жайыгың төрүңдөн
Саянды самачу кулунуң
Сагынчы көөдөндө төгүлгөн
И-и-и-и
Саянды самачу кулунуң
Сагынчы көөдөндө төгүлгөн
Сагынчы көөдөндө төгүлгөн
Өмүрдө түшүрбөс желегим
Өксүсөм дем-кубат берерим
Мээримдин илебин туямын
Өзүңдөн атанын, эненин
Айланар сен алтын казыгым
Адашпай кайрылып келерим
О-о-о-о
Айланар сен алтын казыгым
Адашпай кайрылып келерим
Адашпай кайрылып келерим
Туулган жер сен алтын казыгым
Тун уккан сулуунун наз ырын
Тагдырга арманын айтабы
Тапкан жар арзыган асылым
Каркыра мен болдум издеген
Кайда деп кара көз ашыгым
И-и-и-и
Каркыра мен болдум издеген
Кайда деп кара көз ашыгым
Кайда деп кара көз ашыгым
Өрттөсөң кайылмын жалынга
Өмүрлөш болчу эркем жанымда
Тагдырга миң ирет ырахмат
Перизат сени айткан багыма
Обондун купуя сыры бар
Кайрыгы Жамиля, Жамиля
И-и-и-и
Обондун купуя сыры бар
Кайрыгы Жамиля, Жамиля
Кайрыгы Жамиля, Жамиля
О-о-о-о
Обондун купуя сыры бар
Кайрыгы Жамиля, Жамиля
Кайрыгы Жамиля, Жамиля