Обложка трека Махабат дастаны — Токтобек Асаналиев, Нурзат Ажыкожоева
4:58

Токтобек Асаналиев, Нурзат Ажыкожоева Махабат дастаны

Альбом · Саадатым · 2010

Скачать

Текст песни

Каректен нуруң төгүлүп
Кат-каттап санаам бөлүнүп
Кайгыга салдың, карындаш
Картайган кезде көрүнүп
Картайган кезде көрүнүп
Таң кылайып чыгыштан аткан кезде
Талаа-түзгө күн нурун чачкан кезде
Мезгил торун тынымсыз токуй жүргөн
Мээнеткеч күн түнөккө жаткан кезде
Махабатым сизге арнагам
Махабатым сизге арнагам
Мекендеп чыкчуу кайберең
Мелжиген бийик жай белең
Менетиң алып кетейин
Мен жигит кезде кайда элең
Мен жигит кезде кайда элең
Бүлдүркөндөр ширесин төккөн кезде
Бүркүт шаңшып асманга учкан кезде
Саамайларын сеңселткен ак кайыңдай
Сагынычтар туш-тушка учкан кезде
Махабатым сизге арнагам
Махабатым сизге арнагам
Борумуң толгон ай белең?
Болжошуп чыкчуу жай белең?
Бой тумар сыңдуу, периштем
Боз улан кезде кайда элең?
Бойдок бир кезде кайда элең?
Жемиш бактар ширесин төккөн кезде
Бал аарылар гүлдөргө конгон кезде
Кусалыктан кубарып ак жүзүбүз
Арабыздан көп күндөр өткөн кезде
Махабатым сизге арнагам
Махабатым сизге, тагдырымды сизге арнагам
Махабатым сизге, тагдырымды сизге арнагам

0:00 0:00