Обложка трека Сагынганда — Токтобек Асаналиев
3:48

Токтобек Асаналиев Сагынганда

Альбом · Саадатым · 2010

Скачать

Текст песни

Жаш элек шайыр шаттанган
Алыска сапар аттанган
Кыймылдап поезд баратса
Кылгырып көздөн жаш тамган
Кыймылдап поезд баратса
Кылгырып көздөн жаш тамган
Толкунун жиреп абанын
Учуна жетпей санаанын
Убара болуп кылчактап
Артымды улам карадым
Убара болуп кылчактап
Артымды улам карадым
Караган менен көрүнбөйт
Капкайда калды карааның
Элестейт бирок сүйкүмдүү
Жароокер жалжал жамалың
Элестейт бирок сүйкүмдүү
Жароокер жалжал жамалың
Бир букет гүлдү сунарда
Күйүттүү күчкө капталгам
Саламат эсен баргын деп
Узатып калдың вокзалдан
Саламат эсен баргын деп
Узатып калдың вокзалдан
Жөнөдүм Нарын калаага
Ынагым сенсиң садага
Жүзүмдөй бышкан мөлтүрөп
Жүзүңдөн жаным садага
Жүзүмдөй бышкан мөлтүрөп
Жүзүңдөн жаным садага
Ойлосом болот көңүл шат
Жолуксак деймин кайра бат
Театр ачып жатканда
Нарындан жазган салам кат
Нарындан жазган салам кат

0:00 0:00