Обложка трека Жылкычынын ыры — Токтобек Асаналиев
2:38

Токтобек Асаналиев Жылкычынын ыры

Альбом · Коштошуу · 2024

Скачать

Текст песни

Асыл бир тукум мингеним
Салкын төр жайлоо жүргөнүм
Эриктим жылкы кайтарып
Кайдасың, келчи сүйгөнүм
Жылкы оттойт чөптүн түрлөрүн
Мен жыттайм жыпар гүлдөрүн
Санаадан такыр чыкпайсың
Сагындым, келчи сүйгөнүм
Ыргалса жерге жалбырак
Ыргыштап үркөт аргымак
Камыкпа келем дегенсип
Ай карайт көктөн жалдырап
Эл берген малын тапшырып
Элеси күчтүү жашчылык
Жайлоодо кетип баратсак
Жанаша жорго салдырып
Жайлоодо кетип баратсак
Жанаша атчан бастырып
Муздак бир төрдү жай кылып
Бош кезде жорго салдырып
Чарчаган кезде дем алсак биз
Чаалыккан атты чалдырып
Мен жылкычы, сен чабан
Кыйкырып добуш ун салам
Өлкөбүз үчүн иштейли
Өркүндөп өссүн гүл заман

0:00 0:00