Текст песни
Сур булут күн нурун өткөрбөй
Суу алып жер бетин кеткендей
Суз тартып баратат Ысык-Көл
Көз жашын аябай төккөндөй
Элестейм эл ичин дүрбөлөң
Эс-учун жоготуп жүдөгөн
Мен эмес ал күндө кайгырып
Соолуду кайың-тал бүрдөгөн
Ымыркай ыйласа чыркырап
Жүрөгү эненин зыркырап
Жер чапчы олтурат бирөөсү
Жакынын жоготуп буркурап
Ай арман, ай арман, ай
Ата-эне балдардан айрылып
Адамзат жашоодон айрылып
Жаралуу жүрөктөр калганбы
Ал күндөн бул күнгө айтылып
Ай арман, ай арман, ай
Ай арман, ай арман, ай
Кыргындан Кытайга качкан эл
Көз жашы кан болуп аккан эл
Коштошуп эл менен, жер менен
Ажалын тоо-таштан тапкан эл
Алдуусу айдашып кой-эчки
Аны да кырды го тоо көчкү
Ашууда камалып кайран эл
Кыйласы кырылып от өчтү
Далайы үмүтүн өчүрүп
Өз жанын кыйышып секирип
Аскадан бой таштап, аттиң ай
Ызы-чуу, кыйкырык-өкүрүк
Ай арман, ай арман, ай
Ачкадан ,,Оо, кудай кечир’’ деп
Кайран эл өлүк мал этин жеп
Шагырап калды го тоо-ташта
Сөөктөрү коюлбай кепинге
Ай арман, ай арман, ай
Ай арман, ай арман, ай
Буркурап буулугуп жаткансың
Эл муңун түбүңө каткансың
Көк тиреп толкунуң кээ бирде
Көз жашың ааламага чачкансың
Күнгөйдөн күн нуру чагылып
Төшүңдө турчу эле тагылып
Кайран эл турпагын түйүндөп
Турпанга баратат агылып
Койнуңдан ак куулар учпасын
Кыргызым бейкапар уктасын
Бешигин терметкен эненин
Көзүнөн тамчы жаш чыкпасын
Ай арман, ай арман, ай
Кыргызым көтөрүп өргөсүн
Кыргызды куйтулар бөлбөсүн
Эзелки кыргызым кыйналып
Эч качан үркүндү көрбөсүн
Эзелки кыргызым кыйналып
Эч качан үркүндү көрбөсүн
Ай арман, ай арман, ай
Ай арман, ай арман, ай