Текст песни
Күн болгун батпаган досторум менин
Күн болгун батпаган досторум менин
Жакшы дос өчкөн жанга от берет
Жаныңды жан досуңа кош демек
Жаркыбай жалаң гана майрамда
Жабыкканда жарык берген дос керек
Каралбас ичи-таардыкты жойгула
Бөлүнбөй акыреттик болгула
Сыр болчу досум тунук күзгүдөй
Сынып калса келбейт кайра ордуна
Сырды бек сактаган
Сыртымдан сатпай
Тунук бол көз жаштай
Досторум менин
Чыр сөздү айтпаган
Чындыктан кайтпас
Күн болгун батпаган досторум менин
Сүйүшүп тарта бербей сыйыңды
Күйүнтүп айта жүргүн сыныңды
Күн достор силер менен бөлүшөм
Бир тууганга билдирбеген сырымды
Күлгүлө карегимден баш багып
Жүргүлө жүрөгүмдө сакталып
Баарыңды күн достор деп атадым
Барда силер баскан жолум жапжарык
Сырды бек сактаган
Сыртымдан сатпай
Тунук бол көз жаштай
Досторум менин
Чыр сөздү айтпаган
Чындыктан кайтпас
Күн болгун батпаган досторум менин
Сырды бек сактаган
Сыртымдан сатпай
Тунук бол көз жаштай
Досторум менин
Чыр сөздү айтпаган
Чындыктан кайтпас
Күн болгун батпаган досторум менин