Обложка трека Сагынарым өзүң бол — Гульнур Сатылганова
3:59

Гульнур Сатылганова Сагынарым өзүң бол

Сингл · 2021

Скачать

Текст песни

Шактарын ачкан гүлдөрдөй
Шамдарын жаккан түндөрдөй
Шаанисин эстейм шаттыктын, ий
Шаңк этип өзүң күлгөндөй

Ак нурум - сен, ак сулуум - сен
Жандандырып өмүрүмдү
Жарык кылып көңүлүмдү
Жан ыргагы өзүң бол

Өргүбөй өткөн күндөрдөй
Өмүрлөр өтөр бир келбей
Түгөнбөй ойдун түйүнү, ий
Түн узак кирпик ирмелбей

Жалжалым - сен, жандаарым - сен
Алыстатпа жаштыгымды
Арнап турган жакшы ырымды
Атар таңым өзүң бол

Алыстап улам карабай
Алдаба мени баладай
Азгыра берет элесиң, ий
Арманым болуп тарабай

Караарым - сен, кайдасың сен?
Карааныңды каркырадай
Сапар тартып бараткандай
Сагынарым өзүң бол

0:00 0:00