Обложка трека Угуп кой — Гульнур Сатылганова
3:16

Гульнур Сатылганова Угуп кой

Сингл · 2021

Скачать

Текст песни

Бир ырда жүрөгүм ууланган
Бир ырда кирпигим сууланган
Бул өмүр бүркөлүп, ачылып да
Кубаныч, кайгыдан куралган
Өткөн күн каяктан табылсын
Өмүрдө бүтпөсүн сагынчың
Өчсөм бир өчөмүн, кайра жанбайм
Өзүңдө ырларым жаңырсын

Угуп кой, санаага батканда
Унутуп, кайгыны басканга
Бир үзүм үмүттү тапканга
Угуп кой, түн уйкуң качканда

Жалынды ыр менен тоскомун
Жанымды ырыма кошкомун
Сыздаган сезимди күүгө салып
Кылына комуздун окшодум
Үн созом махабат багында
Жүрөктүн добушу барында
Жар салып өтөм да тирүүлүктү
Жашаймын жакшы ырдын сабында

0:00 0:00