Обложка трека Сүйгүлө, сүйүлгүлө — Гульнур Сатылганова
3:15

Гульнур Сатылганова Сүйгүлө, сүйүлгүлө

Сингл · 2022

Скачать

Текст песни

Сүйүүңөр батпай ичке
Тиктешип, карашкыла
Капаны катпай ичте
Урушуп, жарашкыла
Көрүшпөй көп убакыт
Сагынып, арзышкыла
Билгенге ушул бакыт
Кат менен жазышкыла
Айтылып обу жок сөз
Күлкүнү катыргыла
Ой айтып, ортоңорго
Дүйнөнү батыргыла
Чыланып жаан алдында
Корголоп чуркагыла
Бул сүйүү силердики
Башканы укпагыла
Каалгасын жүрөктөрдүн
Кош колдоп ачышкыла
Көңүлгө имерилип
Көз жашты аарчышкыла
Жакшы сөз арнашууда
Тынымсыз жарышкыла
Сөз күчүн жоготкондо
Кучакка алышкыла
Жашырбай бир да сырды
Бардыгын бөлүшкүлө
Укканга бир-бириңди
Аябай көнушкулө
Ушинтер бирөө болсо
Кубанып, сүйүнгүлө
Калганы келет, кетет
Сүйгүлө, сүйүлгүлө!

0:00 0:00