Обложка трека Сени буйруп койбогондо / Дебе — Гульнур Сатылганова
3:14

Гульнур Сатылганова Сени буйруп койбогондо / Дебе

Сингл · 2021

Скачать

Текст песни

Тилектин баары тунук акак дебе
Тирелип көкүрөктө жатат дебе
Термелткен сенин күчүң болбогондо
Тез эле менин күнүм батат дебе

Күлгүн жаш күлкү менен өтөт дебе
Күлкүдөн күйүттү эзип кетет дебе
Кудурет сени буйруп койбогондо
Кусалык жүрөгүмдү эзет дебе

Күн болбой гүлдөр жайнап өсөт дебе
Жел болбой булут калкып көчөт дебе
Жылуулук сенден келип турбаганда
Жылдызым жыл айланбай өчөт кээде

Жылдызды көктөн түшпөс чырак дебе
Жылжыган арык көрсөң, булак дебе
Доорун сүрүп сени менен өткөнүмчө
Болду, мезгил токтолуп турат дебе

0:00 0:00